Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Даккада барымтага алынган 20 жаран өлтүрүлгөн


Күч түзүмдөрүнүн билдиришинче, аларды жума күнү кечинде белгисиз адамдар курч учтуу курал менен өлтүрүшкөн. Полициянын бүгүн барымтадагыларды бошотуу операциясы учурунда 13 киши бошотулуп, алты экстремист жок кылынган. Куткарылгандар арасында төрт чет элдик жаран бар. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алган.

1-июлда кечке жуук Бангладештин борбору Дакка шаарында бир нече куралчан адам дипломаттар жана чет өлкөлүк адистер жашаган райондо кафеге чабуул койгон. Жоочулар менен атышууда эки полициячы мерт болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG