6-июлда саат 3:00тө күчү 4-4,5 баллга жеткен силкинүү катталды. Сейсмологиялык институттун маалымдаганы боюнча, силкинүүнүн очогу Алай тоо кыркаларында, Бор-Дөбө айлынан 15, Сары-Таш айлынан 30, Нура айлынан 40 чакырым аралыкта болгон.
Бор-Дөбө айлында жер титирөөнүн күчү 3,5 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш айлында 3 балл, ал эми Нура айлында 2,5 баллды түздү.
Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор жана жапа чеккендер жок.
Өткөн аптада өлкөнүн түштүгүндө бир нече күнү катары менен силкинүүлөр катталган.(ZKo)