Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 03:43

Селге аккан кишинин сөөгү Өзбекстандан табылды


5-июлда сел агызып кеткен Ала-Бука районунун Совет-Сай айлынын тургуну, 28 жаштагы Медербек Раевдин сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашты.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы селген аккан кишини издөөгө Өзбекстандык чек арачылар жардамдашканын, телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Өзбекстандын чек ара кызматы жакынкы аралыкта сөөк Кыргызстанга кайтарылып берилерин маалымдаганын кабарлады.

Нөшөрлүү жаандан улам 5-июлда түштөн кийин Жалал-Абад облусунун Аксы, Токтогул жана Ала-Бука райондорунда сел жүрүп, бир катар айылдарда турак-үйлөрдүн тамаркаларын суу каптады. Жолдорго шагыл түшүп, каттамдар убактылуу токтоп, кайра ачылган. (ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG