Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Пхеньян АКШны санкциялар менен “коркутууда”


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея өлкө башчы Ким Чен Ынга АКШнын киргизген санкциясын “согуштун башталышы” деп кабыл алганын жарыялады. Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун бул кадамына Пхеньян катаал жооп кайтарарын эскертти.

АКШ мамлекетте адам укуктарынын сакталбай жатканына байланыштуу ушул аптада алгач ирет Ким Чен Ынга санкция жарыялаган. Андан тышкары Түндүк Корея бийлигиндеги дагы он адам "кара тизмеге" түшкөн. Санкцияга ылайык, алардын АКШдагы активдери тоңдурулат жана америкалыктардын алар менен ишкерлик жаатында кызматташуусуна тыюу салынат.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу буга чейин да өлкөгө бир катар санкциялар жарыяланган.

XS
SM
MD
LG