Ысык-Көлгө эс алганы келген орусиялык туристтерди тоногон топ Чүй облустук ИИБнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Азырынча кармалган кишилердин саны, тек-жайы тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.
Милициядагы жеке булактардын билдиришинче, кармалгандардын ички иштер тармагына толук тиешеси бар.
4-июлда Токмок шаарына жакын жерде Орусиянын Волгоград облусунан Ысык-Көлдөгү санаторийлердин бирине майып баласын дарылоо максатында бараткан Дмитрий Ребровду өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Ички иштер министрлиги окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштаган.(ZKo)