Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Нарындын канализациясын жаңылоого каражат бөлүнөт


Нарын шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын жана канализациясын оңдоо долбоору боюнча мыйзам кабыл алынды. Долбоор келишимине былтыр Бишкекте Кыргызстан менен Швейцария өкмөттөрү кол койгон.

Инвестициянын жалпы баасы 6,2 миллион евро. Анын 2 миллиондук насыясын Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, 4,2 миллионду Швейцария өкмөтү грант түрүндө берет.

Нарындагы суу, канализация системасы көптөгөн жылдардан бери жаңыланбай, эскилиги жетип калгандыктар жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна жана ден соолугуна көйгөй жаратып келген болчу.

Өткөн айда суу каналын акыр-чикирден тазалоо үчүн темир люкка кирген "Нарын суу канал" мекемесинин үч кызматкери ууланып каза болгон, экөө ооруканага түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG