Орусиялык эки аскерий учкуч-инструктор Сириянын Пальмира шаарынын аймагында мерт болду. Интерфакс агенттигинин маалымдаганына караганда, алар сириялык Ми-25 тик учагын айдап баратканда "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери жайгашкан аймактан чабуул жасалган.
«8-июлда инструкторлор Ряфагат Хабибулин менен Евгений Долгин Хомс провинциясында аскерий тик учакты башкарып жатышкан" деп кабарлашты Интерфакска Орусиянын Коргоо министрлигинен.
Буга чейин эки учкуч аман-эсен базага кайтканы кабарланган. (RK)