Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Жогорку Соттогу жараянга Аскаровдун өзүн катыштыруу маселеси ачык бойдон калды


Аскаров боюнча Жогорку Сотто карала баштаган процесске ал өзү катышар-катышпасы азырынча анык эмес. Адвокаты Нурбек Токтакунов айыпталуучуну сотко катыштыруу тууралуу өтүнүч келтирди.

Бирок сот бул маселе ачык бойдон калганын, эгер муктаждык болсо алып келишерин билдирди. Адвокаттар бул эл аралык укук эрежелерине каршы келерин эскертти.

Адвокат Валерьян Вахидов бул ишке окшош Феликс Куловдун сотунда анын өзүн жараянга алып келбөөнү БУУ мыйзам бузуу деп атаганын мисал келтирди.

2010-жылдын Июнь окуясы үчүн айыптуу деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо сунушун жазында Кыргызстанга БУУнун Адам укуктары комитети берген. Жаңы жагдайларга байланыштуу иш бүгүнтөн тарта кайрадан Жогорку Сотто карала баштады.

Ишти Качыке Эсенкановдун төрагалыгы менен судьялар Лепес Темирбеков, Каныбек Бокоев кароодо. (BkA)

XS
SM
MD
LG