Линктер

жума, 28-июль, 2017 Бишкек убактысы 16:52

Нааразылык акциясына чыккандар менен полициянын Индияга караштуу Кашмирде 10-июлдагы кагылышуусунда каза болгондордун үчөө демонстрант, бирөө полиция экени кабарланды.

Полиция менен жергиликтүү тургундардын кагылышуусу коменданттык саат тартиби бузулгандан кийин башталган. Коменданттык саат жергиликтүү козголоңчулардын лидери Бурхан Музаффар Вани Индиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан 8-июлда өлтүрүлгөнү кабарлангандан кийин киргизилген.

Кагылышууларда коопсуздук күчтөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү жарадар болуп, үчөө дайынсыз жоголгонун жергиликтүү бийликтер журналисттерге билдирген. Индия бийлиги Ванинин өлтүрүлүшүн жоочуларга каршы күрөштөгү чоң ийгилик катары баалаган.

Кашмирдин тургундарынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт. Алар Кашмирдин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн козголоңчуларды колдоп келишет. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG