Азимжан Аскаровдун иши кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечим бүгүн Жогорку Сотто жарыяланды. Ишти кароо Чүй облустук сотуна берилди.
Ишти караган Жогорку Соттун коллегиясынын төрагасы Качыке Эсенканов аныктаманы окуп берди:
- Аскаров Азимжан тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылсын. Жазык иш жаңыдан апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберилсин. Соттолгон Аскаров жана адвокаты Токтакуновдун арызы жарым-жартылай канааттандырылсын. Аныктама акыркы жана даттанууга жатпайт.
Ошентип, Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун аны бошотуу тууралуу өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды.
Кабарчыбыздын айтымында, Жогорку Сот чечимин жарыялагандан кийин ушу тапта жабыркаган тарап нааразылыгын билдирип жатат. (BkA)