Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн кабарлоосуна караганда, 13-июлда теракт Багдаддын түндүк тарабында жасалды. Жанкечти бомба салынган автоунааны жардырган. Бул жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек.
Бирок “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюм Ирак борбору жана башка жерлердеги теракттарга жоопкерчилик алып келет. 12-июлда жасалган терактта 12 киши набыт болгон эле. 3-июлдагы эң кандуу террордук чабуул 300гө чукул адамдын өмүрүн алган. (AiT)