Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

"Акун" Ысык-Көл суусун булгап жатат деген маалымат тастыкталган жок


Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көлдөгү "Акун" жана "Күнөстүү жээк" ("Солнечный берег") пансионаттары көлдүн суусун булгап жатат деген маалыматты четке какты.

Мекеме бүгүн тараткан билдирүүдө "Аталган эки пансионаттын жанында түтүктөр бар, бирок алар канализация эмес, суу аттракционунуку. Бул түтүктөр көл суусун алып, кайра эле агызат. Ал жерде көл кирдеген жок. "Акун" пансионатынын суу тазалоочу системасы 2013-жылы курулган жана ичинде жайгашкан. Тазаланган сууну эс алуучу жай жээктен 350-370 метр алыс жайгашкан бакча, гүлдөрүн сугарууга пайдаланат. Ал эми "Күнөстүү жээктики" Чолпон-Ата шаарынын "Водоканал" ишканасы аркылуу тазаланат" деп жазылган.

Кечээ интернетте көлдүн түбүндө жаткан акыр-чикир тартылган видео тараган. "Таза Ысык-Көл" уюму тарткан тасманын башында бул "Акун" жана "Күнөстүү жээк" пансионаттарынын жанындагы жер деп жазылган.(RK)

XS
SM
MD
LG