Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Асад: Путин мени бийликтен кетүүмдү бир да жолу суранган эмес


Сириянын президенти Башар Асад
Сириянын президенти Башар Асад

Сириянын президенти Башар Асад 14-июлда америкалык NBC News телеканалына берген маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров аны менен бийликти өткөрүп берүү боюнча эч качан сөз козгобогондорун айтты.

“Алар бир да жолу бул тууралуу айтышкан эмес”, - деген Асад маалымат каражаттарында соңку кездери айтылып жаткан сөздөргө маани бербесин айтты.

Бейшембиде Москвага келе турган АКШнын баш катчысы Жон Керри Путин менен Асаддын бийликтен кетүүсүнө түрткөн келишим түзөт деген сөздөр маалымат каражаттарында соңку күндөрү таркап кеткен.

Асад кошумчалагандай, Орусиянын саясаты ар кандай келишимдерге эмес, баалуулуктарга негизделген. Ошол себептүү аны Москва менен Вашингтондун ортосунда түзүлө турган макулдашуу эч тынчсыздантпайт. Асад Орусия менен Сириянын алакасын ачык жана таза деп мүнөздөдү.

АКШ жана анын союздаштары Асаддын кызматтан кетиши өлкөдөгү кырдаалдын стабилдешүүсүнө алып келмек деп эсептешет.

Керри Москвага ушул бейшембиде келип, президент Путин жана Сергей Лавров менен жолугат. Эки тарап Украина, Сирия жана Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулашары күтүлүүдө. Бул Керринин бир жыл ичинде Орусияга жасаган экинчи сапары болуп калат.

XS
SM
MD
LG