Линктер

шаршемби, 16-август, 2017 Бишкек убактысы 21:16

Саратовдогу жол кырсыгынын себеби аныкталды


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Саратов облусундагы кыргызстандыктар кабылган жол кырсыгынын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты. Алдын ала божомолдор кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгонун көрсөтүүдө.

13-июлда Орусиянын Саратов облусунда Москва-Казакстан каттамында кыргызстандыктар түшкөн «Тойота Эстимо» унаасы жол кырсыгына учурап, эки адам каза тапкан, төртөө жаракат алып жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Казакстанды көздөй келаткан машине жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын ичиндегилердин баары Кыргызстандын жарандары. (NT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG