Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:41

Түркияда гүленчилер кармалууда


Түркияда түндөгү окуяга байланыштуу гүленчилер кармалууда. "Азаттыктын" Стамбулдагы кабарчысынын маалымдаганына караганда, Фетхуллах Гүлендин жандармерия, аскер бөлүктөрүндөгү тарапкерлери камакка алынууда.

Эге, Мерсин шаарларынын жандармериясынын командирлери камалды.

Түркияда өткөн түнү бийликти басып алуу аракетинен кеминде 60 адам набыт кетти, алардын 20га жакыны полиция кызматкери.

Бийликтин айтымында, айрым аскердик жетекчилердин мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракети ишке ашкан жок. Соңку маалыматка караганда, учурда бул окуяга тиешеси бар деп айыпталган 300дөй аскер кызматкери кармалды, 1 генерал жок кылынды.

Гүлен АКШда жашаган түркиялык диниятчы, ал азыркы бийлик менен каршы пикирде. (BCh)

XS
SM
MD
LG