Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Түрк парламенти имараты жабыркаганына карабастан чукул жыйынга чогулат


Turkey -- Turkish police arrest Turkish soldiers at the Taksim Square in Istanbul, Turkey, 16 July 2016.
Turkey -- Turkish police arrest Turkish soldiers at the Taksim Square in Istanbul, Turkey, 16 July 2016.

Түрк парламенти имараты жабыркаганына карабастан бүгүн жыйынга чогулганы жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Анкарадагы парламент имаратынын жарымы талкаланган. Бомба спикердин кабинетинде жарылганы айтылууда.

Түркияда өткөн түнү бийликти басып алуу аракетинен кеминде 60 адам набыт кетти, алардын 20га жакыны полиция кызматкери.

Бийликтин айтымында, айрым аскердик жетекчилердин мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракети ишке ашкан жок. Соңку маалыматка караганда, учурда бул окуяга тиешеси бар деп айыпталган 300дөй аскер кызматкери кармалды, 1 генерал жок кылынды.

Окуяга шектүү деп бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүлендин айрым тарапкерлери да кармалууда.(BCh)

XS
SM
MD
LG