Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Түнкүсүн катуу азан айтууга чектөө киргизилет


Бишкектеги борбордук мечит.
Бишкектеги борбордук мечит.

Бишкекте түнкү убакытта үн күчөткүчтө бийик денгээлде азан айтууга чектөө киргизилет. Шаардык санэпидкөзөмөл борбору кечкисин мечиттерде чакырылган азандын үнүн азайтуу боюнча жарандардан көп арыз түшкөнүн билдирди. Бул жаатта Мусулмандар дин башкармалыгы менен сүйлөшүү жүргөнүн муфтийдин орунбасары Акимжан Эргешов “Азаттык” радиосуна айтты:

-Шаардагы тартипти сактоо боюнча санэпидкөзөмөл борборуна убада бергенбиз. Азыр иштер аткарыла баштады. Мечиттердеги молдолор менен сүйлөшүп, түнкүсүн азан айтып жаткан кезде коомчулукка зыян келтирбөө боюнча эскертүүлөрдү бердик. Кечинде үн күчөткүчтүн добушу азайтылат, биротоло өчүрүлбөйт. Анткени, ошол азанды күтүп отургандар да бар.

Санэпидкөзөмөл борбору талаптын аткарылышын байкоого аларын билдирди.

Шарият эрежеси боюнча мечиттерде күнүгө беш маал азан чакырылат. Үч ирет күндүз, бир жолу кечки саат ондордо, бир ирет таңкы саат төрттөрдө айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG