Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Орусиялык спортчуларды олимпиададан четтетүү маселеси каралат


Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык спортчуларды Рио-де-Жанейродогу оюндардан четтетүү үчүн "мыйзамдык жүйөлөрдү" карап чыгарын билдирди. Комитет ошондой эле дисциплинардык комиссияга мамлекет колдогон допинг пайдаланууда расмий адамдардын ролун иликтөө тапшырмасын берди. Мындай чечим бүгүн Швейцарияда өткөн чукул жыйында кабыл алынды.

Дүйшөмбү күнү Допингге каршы Дүйнөлүк агенттик – WADA жарыялаган иликтөөдө орусиялык лабораториялар тыюу салынган заттарды колдонгон спортчулардын анализдерин атайлап жашырышканы айтылган. Жергиликтүү спортчулардын Сочи Олимпиадасындагы көрсөткүчтөрүн жакшыртууну көздөгөн андай бурмалоолорго атайын кызматтар да аралашканы белгиленген.

WADA орусиялык спортчуларды бардык эл аралык мелдештерден четтетүүгө чакырган.

Рио Олимпиадасы 5-августта башталат.

XS
SM
MD
LG