Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Казакстан экстремизм үчүн жазаны катаалдантат


Алматы.
Алматы.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов экстремисттик жана террордук мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди. Анда экстремизм жана террорчулукка күнөөлөнгөн адамдын мал-мүлкүн милдеттүү түрдө конфискациялоо чарасы киргизилип жатат. Ал эми Казакстан Ички иштер министрлиги чет өлкөгө согуштук аракеттерге катышуу үчүн чыгып кеткен адамдардын жарандыгын алуу керектигин айтууда.

18-июлда Алматынын Алмалы райондук полиция бөлүмүнүн жанындагы атышуу алты адамдын өмүрүн алды. Кечээ жараат алган дагы бир полиция кызматкери ооруканада көз жумду. Кол салган адам полициянын автоматын тартып алып, бир кызматкерди жарадар кылып, андан кийин калгандарына ок ачкан. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бул окуяны “теракт” деп атады.

XS
SM
MD
LG