Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Арменияда полиция менен демонстранттар кагылышты


Оппозиция менен полициянын кагылышы.
Оппозиция менен полициянын кагылышы.

20-июлдун кечинде Еревандын Эребуни районунда полиция менен куралдуу оппозициялык топту жактаган демонстранттардын кагылышуусунан 45 адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди. Анын 25и полиция кызматкерлери экенин Армениянын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Кагылышуу бийлик полициянын Эребуни райондук бөлүмүндө бир нече тартип сакчысын барымтада кармап турган куралдуу топко тамак-аш берүү талабын четке каккан соң башталды. Демонстранттар полицияны таш менен ургулап, укук коргоо органдары аларды таратуу үчүн жарык чачуучу, кулак тундуруучу граната колдонду.

Нараазылык акциясына эки миңге чукул адам чогулган. Куралдуу топ полициячыларды 17-июлдан бери барымтада кармап турат. Алар ошол күнү полиция участогуна бастырып кирип, камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылган. Сефилян мыйзамсыз маңзат сатып алган, курал сактап жүргөн деген айып менен 22-июнда кармалган. Алар президент Серж Саргсян отставкага кетиши керектигин да жарыялашкан. Оппозиция өкүлү Варужан Аветисян талаптары аткарылмайынча, имараттан чыкпай тургандарын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG