Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Нарында жергиликтүүлөр "Сөйкө" компаниясынын ишин токтотту


Нарын районунун Кара-Үңкүр аймагындагы Байболот коктусунда алтын кенин чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Сөйкө” компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Буга жергиликтүүлөрдүн аталган компания жаратылышты талкалап, айлана-чөйрөнү булгап жатат деген дооматтары себеп болгон. Тургундар ишкананын техникаларынын ачкычтарын тартып алышканын "Азатыкка" билдиришти.

Компания жетекчилиги жарандардын аракети мыйзамсыз экенин белгилеп, кен казуу ишинде кынтык жок экенин айтууда.

Жергиликтүү тургундар кенчилердин ишин биротоло токтотуу талабы менен эки жылдан бери тийиштүү мекемелерге кайрылып келишет.

Буга чейин карагайлар кыркылып, он миң чарчы метрден ашык жер кыртышы бузулгандыгы үчүн “Сөйкө” компаниясына Нарын токой чарбасы 47 800 сом айып салып, мамлекеттин эсебине толук өндүрүлүп алынган. Мындан тышкары ишкананын дааратканасы эрежеге туура келбегендиги үчүн 2304 сом доо коюлган.

“Сөйкө” жоопкерчилиги чектелген коому ишкер Ишен Айтманбетовго таандык. (MiK\SE)

XS
SM
MD
LG