Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматтан кетти. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, ал өз каалоосу менен иштен кетүү үчүн 20-июлда арыз жазган жана баш прокурор ага кол койгон.
Нурлан Сулайманкуловдун жардамчысы кармап турган кол чатырга паанектеп турган сүрөтү жакында интернетке тарап, коомчулукта анын бай-манаптык жоругу кызуу талкууланган. (SE)