Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Ереванда митингден кийин 16 киши камакка алынды


Еревандагы митингчилер полиция кызматкерлерине таш ыргытууда
Еревандагы митингчилер полиция кызматкерлерине таш ыргытууда

Армениянын Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында нааразылык акциясына чыккандар менен полициянын кагылышуусунан кийин 16 киши камакка алынды. Алар массалык башаламандыкка катышты деп айыпталууда. Бул иш боюнча жалпысынан 28 киши кармалган.

Шаршемби күнү кечинде "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, бир нече полиция кызматкери барымтага алынган.

Нааразылык акциясына эки миңге чукул адам чогулган. Оппозиция өкүлү Варужан Аветисян талаптары аткарылмайынча, имараттан чыкпай тургандарын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG