Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Нарында кургак учуктан көз жумгандар көбөйүүдө


Буга кургак учуктун өз убагында аныкталбаганы негизги себеп болууда деп билдирди өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева “Азаттыкка”.

Анын сөзү боюнча кургак учук менен ооругандар дарыгерге учурунда кайрылбайт, натыйжада оору биринчи баскычында аныкталбайт жана ошондой эле акыркы убактарда кургак учуктун дары-дармектерге туруктуу боло баштаганы байкалууда. Ушундан улам, кургак учуктан каза болгондордун саны көбөйүүдө.

Нарын облусунда жыл башынан бери эле отуз киши кургак учук илдети күчөп кеткенде гана дарыгерге кайрылышкан. Булардын ичинен он экиси өмүр менен кош айтышкан. Өткөн жылы жарым жылда облуста сегиз киши кургак учуктан кайтыш болгон.

Ушул жылы жалпысынан кургак учук менен ооруган 121 киши катталып, анын 73ү дарыланып чыккан. (MiK)

XS
SM
MD
LG