Филадельфия шаарындагы курултайда мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул партиядан президенттикке талапкер катары расмий бекитилет деп күтүлүүдө.
Курултайды утурлай, 22-июлда Демократиялык партиянын ичиндеги электрондук каттардын 19 миңден ашуун даанаасы коомчулукка шардана болуп кетти. Аларды WikiLeaks сайты жарыялады.
Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Робби Мук Демократиялык партиянын электрондук каттарынын хаккерлик жол менен уурдалышына Орусиянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирди.
Ал бул тууралуу кибер коопсуздук боюнча эксперттердин бүтүмүнө таянуу менен айтты.
Мук CNN телеканалы менен маегинде белгилегендей, Орусия мындай кадамга Клинтондун атаандашы Дональд Трампка жардам берүү максатында барды.
Эгер президенттикке шайланса, Орусия менен мамилени оңдой турганын билдирип жүргөн Дональлд Трамптын шайлоо штабынан болсо, Клинтондун штаб башчысынын айткандарын четке кагышты.