Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Акыйкатчыны абакка киргизбей коюшту


Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаевди Бишкектеги №47 абакка киришине аталган абак жетекчилиги тоскоол болушту. Бул тууралуу акыйкатчынын аппаратынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынан аталган абактагы кармоо шарттарын көрүп чыгуу боюнча акыйкатчыга кайрылуу түшкөн. Бул кайрылууга жооп кылып акыйкатчы өз ыйгарым укуктарынын негизинде 24-июлда абакка кирүү өтүнүчүн келтирген. Бирок, абак жетекчилиги буга каршылыгын билдирип, киргизбей койгон.

Акыйкатчынын түздөн-түз милдеттерин аткарууда тоскоолдук кылганы үчүн Кубат Оторбаев Башкы прокуратурага атайын кат менен кайрылууну көздөөдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG