Эсеп палатасынын 2020-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы иштелип чыкты. Стратегия менен аталган палатанын төрагасы Улугбек Марипов тааныштырды. Стратегияда эл аралык аудиттин стандарттарын, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү ыкмаларын киргизүү каралган.
Ошондой эле Эсеп палатасы текшерүүчү-көзөмөлдөөчү ишмердиктен аудитке өтүүнү пландоодо.
Марипов мындай жол менен мамлекеттик органдардагы каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу каралууда.
Жакында Коргоо кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, жергиликтүү жана муниципалдык органдардын ишмердигин текшерүү Эске палатасына жүктөлөрү айтылган.(BkA)