Фестиваль кыргыз элинин маданиятына, элдик көркөм кол өнөрчүлүгүнө жана каада-салттарына арналмакчы. Анда элдик уздардын колунан жаралган буюм-тайымдардын көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук оюндар, элдик ыр-күүлөр келген конокторго тартууланууда. Ошондой эле фестивалдын катышуучуларынан 2-дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна оюнчулар тандалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук администрациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Элет керемети" аттуу фестиваль Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында өтүп жатат. Иш-чараны жергиликтүү кол өнөрчүлөр жана өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү уюштуруп жатат.(AsM)