Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Рио-де-Жанейродогу Олимпиада шаарчасында өрт чыкты


Globo телеканалы маалымдагандай, өрт австралиялык спортчулар жаткан имараттан чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадалык шаарча 24-июль күнү ачылган. Бирок ошол эле күнү Австралиянын улуттук олимпиада комитети ал жерге жайгашуудан баш тартып, спортчуларын мейманканаларга жаткырууну чечкен эле. Мындан улам "Рио-2016нын" уюштуруучулары чукул иштер үчүн 500 киши жалдаган. 26-июлда австралиялык спортчулар Олимпиада шаарчасына жайгашкан.

31-жайкы Олимпиада оюндары 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жайнеро шаарында өтөт. Бул Түштүк Америкада өтүп жаткан алгачкы олимпиада.

XS
SM
MD
LG