Вагондордун баары Кыргызстанга жана Казакстанга багыт алган. Алардан тышкары украин-орус чек арасында 70 автоунаа турат. Бул тууралуу Украинанын экономика министринин орун басары Наталья Микольская билдирди. Анын айтуусунда, кармалган жүктүн 90% Украинага тиешелүү жүктөр. Ушул тапта украин бийлиги Орусияны айланып өтүүчү башка жолдорду караштырууда деди Микольская.
Орус бийлиги 1-июлдан тарта Украинадан Кыргызстанга жана Казакстанга багыт алган жүктөргө транзит бербей турганын маалымдаган. Бул 2017-жылдын 31-декабрына чейин Украина товарларын, анын ичинде азык-түлүктөрдү кошо Орусияга киргизүүнү жана Орусия аркылуу өткөрүүнү тыюу чарасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандык жүк ташуучулар бул тыюудан Украина аркылуу Түркия, Европа өлкөлөрүнөн келе жаткан жүктөр да кармалып жатканын билдиришүүдө.(ZKo)