Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Алматы: 18-июлдагы чабуулда жарадар болгон эки полиция көз жумду


Алматыдагы 18-июлдагы чабуулдан курман болгондордун саны сегиз адамга жетти.
Алматыдагы 18-июлдагы чабуулдан курман болгондордун саны сегиз адамга жетти.

Казакстандын Алматы шаардык ооруканасында 18-июлдагы кол салууда жарадар болгон эки полиция көз жумду. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматы билдирди. Серик Абильдаев менен Мейрамбек Рахматуллаев куралдуу чабуулда оор жаракат алышып Алматы шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Ошентип, жалпысынан чабуулдун курмандыктарынын саны сегиз адамга жетти. Алардын алтоо полиция, бирөө чек ара кызматынын өкүлү, бирөө Ички иштер министрлигинин отставкадагы подполковниги.

Полициянын маалыматына ылайык чабуулду бир адам уюштурган.

Ошол эле күнү 26 жаштагы Кызыл-Ордо облусунун тургуну Руслан Кулекбаев камалган. Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, Кулекбаев мурда абакта өткөргөн жылдары үчүн полиция кызматкерлеринен өч алуу максатында бул кол салууну уюштурган.

XS
SM
MD
LG