Тажикстанда телекөрсөтүү, радио жана гезиттердеги материалдарды текшерчү атайын комиссия түзүлдү. Ал маалымдоо каражаттарында “мамлекеттик тил нормаларынын” сакталышын көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Тажикстан өкмөтүнө караштуу Тил жана терминология комитетинин өкүлдөрү маалымдашты. Коюлган талаптарды бузгандарга айыппул салынат.
1-августта өткөрүлгөн жыйында комитеттин башчысы Гавхар Шарофзода журналисттерди “мамлекеттик тил нормаларын сактоого” чакырды. Ал журналисттер өз материалдарында түшүнүксүз сөздөрдү көп колдонуп жатышканын сынга алды.
- Айрым учурда журналисттер 10дон ашык жолу көрөрман, угармандарга тааныш эмес сөздөрдү колдонушат. Мындан улам тил нормалары бузулууда, -деди Шарифзода жыйында.
Комитеттин өкүлдөрүнүн айтымында, айыппулдун өлчөмү 120-320 доллар акчаны түзөт.