Линктер

дүйшөмбү, 24-июль, 2017 Бишкек убактысы 18:39

Орусиянын түндүгүндөгү Дагестан жумуриятынын борбору Махачкаладагы ресторандардын биринде болгон жардыруудан жабыркагандардын саны 23кө жетти. Алардын айрымдарынын абалы оор экени айтылууда.

Дагестандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 1-августта болгон жардырууга ресторандагы газдын чыгышы себеп болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 23 адам ооруканага түшкөнүн, алардын бешөөнүн абалы оор экенин билдирди. Айрым бейтаптардын териси 100 пайыз күйүп калган.

Азыр окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG