Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

ЕККУ Армения бийлигин журналисттерди коргоого үндөдү


ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович.
ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович.

Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович Армениянын бийлигин журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга жана аларды полиция менен криминалдык топтордон коргоого үндөдү.

Миятович Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандянга жолдогон билдирүүсүндө "Армения бийлиги укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн журналисттерге сабырдуулук менен мамиле кылууга чара көрүшү керек", деп айтылат.

"Полиция журналисттерди жана ММК өкүлдөрүн коргошу керек", - деди Миятович.

30-июлда Еревандагы кагылышууда 15 журналист жабыркаган. Демонстрацияга чыккан топко каршы операция учурунда журналисттерди таякчан штаттык кийим кийгендер ур-токмокко алышкан. "Эркин Европа" маалымат каражатынын президенти Том Кент да басма сөз өкүлдөрүнө каршы зомбулукту кескин айыптады.

XS
SM
MD
LG