Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Хаменеи: өзөктүк келишимдин пайдасын Иран эли сезе элек


Ирандын руханий лидери Али Хаменеи.
Ирандын руханий лидери Али Хаменеи.

Ирандын руханий лидери Али Хаменеи дүйнөлүк лөк мамлекеттер менен кол коюлган өзөктүк келишимдин таасирин өз эли сезе электигин билдирди.

Хаменеи кечээ Тегеранда сөз сүйлөп, санкциялардын жоюлушу ирандыктардын күнүмдүк жашоо-турмушуна оң таасирин тийгизе элек деди. Анын айтымында, санкциялар толугу менен алынган эмес.

Ирандын руханий лидери Хаменеинин айтымында, келишимге кол коюлгандан кийин Ирандан санкциялар алынып салынышы керек эле. “Ага карабастан Вашингтон санкцияларды жоюу жараянын этап менен жүргүзүп жатат”, деген диниятчы АКШны “куру убадалары” үчүн кескин айыптап, “Тегеран мындан ары Америка берген убадаларга ишенбеш керек”, деп кошумчалады.

Иран жана дүйнөнүн алты лөк өлкөлөрү былтыр кол койгон өзөктүк келишимге ылайык Тегерандан экономикалык санкциялар алынып салынган. Өз кезегинде Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенген.

XS
SM
MD
LG