Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 17:09

“Газпром Кыргызстан” ишканасы август айына газдын бир кубометри турак-жайлар үчүн 14 сом 27 тыйынды түзөрүн билдирди. Коммерциялык ишканалар 17 сом 51 тыйындан төлөшөт. Июль айында калк 14 сом 18 тыйындан, коммерциялык уюмдар 17 сом 41 тыйындан төлөшкөн.

2014-жылдан Кыргызстандын газ чарбасын “Газпром Кыргызстан” компаниясы тейлеп келатат. Бул ишкана ай сайын газга болгон төлөмдүн наркын доллар курсуна карап өзгөртүп турат. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG