Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Казакстанда этникалык чырга байланыштуу 30дан ашуун адам камалды


1-август күнү Түштүк Казакстан облусунун Сейфуллина кыштагында этинкалык тажиктер менен казактар кагылышкан. Тартипти сактаган коопсуздук күчтөрү.
1-август күнү Түштүк Казакстан облусунун Сейфуллина кыштагында этинкалык тажиктер менен казактар кагылышкан. Тартипти сактаган коопсуздук күчтөрү.

Түштүк Казакстан облустук полициясы ыктымалдуу этникалык кагылышты алдын алуу максатында 30дан ашуун адамды камады. Кармоолор жергиликтүү тажиктер менен казактар ортосундагы жаңжалдан соң чыңалуу күчөгөн учурда болду.

Расмий маалыматтарга караганда, 2-август күнү белгисиз кишилер Ганы Муратбеков айылындагы бир дүкөндү, Дихан айылындагы эки үйдү жана бир автоунааны өрттөшкөн. Бул окуяга тиешеси бар деп 34 адам кармалды.

1-августта Түштүк Казакстан облусунун Сейфуллина кыштагында этинкалык тажиктер менен казактар кагылышкан. Ага тажик өспүрүм казак кызын зордуктаганы тууралуу имиштер себеп болгон. Полиция кыздын зордукталбаганы экспертизада тастыкталганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG