Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Мусулман өлкөлөрүнүн кинофестивалына Кыргызстандан 3 тасма катышат


Жаңыл Жусупжандын фильминен кадр.
Жаңыл Жусупжандын фильминен кадр.

Мусулман өлкөлөрдө тартылган кинолордун Казан шаарында өтө турган фестивалына Кыргызстандан 3 тасма катышат.

Кинематография департаментинен “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы толук метраждуу фильмдердин сынагына кирди.

Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" фильми даректүү тасмалардын, Алижан Насыровдун "Ата Бейит" тасмасы кыска метраждуу фильмдер багытында сынакка коюлду.

5-11-сентябрь күндөрү өтүүчү мусулман өлкөлөрүндө тартылган XII эл аралык фестивалын 33 мамлекеттен 60 кино тандалган. (SE)

XS
SM
MD
LG