Адам өлүмүнө шектелип кармалган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу күч органдарынан кабарлашты. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
29-июлда Ысык-Көлдүн Тоң районунда эки киши мас абалында жаңжалдашып, бири экинчисин бычактап койгон. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасында каза тапкан.
Кылмышка шектелип кармалган жаран 31 жашта экени, УКМКнын кызматкери экени аныкталган. Ысык-Көлгө Бишкек шаарынан барган. (SE)