Москва шаарынан ата-энеси таштап кеткен беш ымыркай Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ымыркайлар Москвадагы төрөткана жана балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан.
Ымыркайларды алып келүүнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Эмгек, социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурду. Аталган наристелер өлкөдөгү балдар үйлөрүнө жайгаштырылат. (BkA)