Мексикада катуу куюндан кеминде 45 адамдын өмүрү кыйылды. Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, “Эрл” деп аталган бул тропикалык жаратылыш кырсыгы 7-августта башталып, Пуэбла штатында жер көчкү жана суу каптоолорду пайда кылды.
Мерт кеткендердин жарымынан көбү балдар.
Көптөгөн турак жайлар жер көчкү астында калгандыктан жабыркагандар, каза болгондор саны дагы өсүшү ыктымал экенин адистер айтууда. (RK)