Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Муниципалдык ишкана кызматкерлери Иззат Артыковду колдоп флешмоб уюшурушту


Бишкек шаарындагы “Тазалык”, “Зеленстрой” жана “Бишкекасфальтсервис” ишканаларынын кызматкерлери Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында коло медал уткан кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду колдоп, флешмоб уюштурушту. Алар колдоруна Иззаттын сүрөттөрүн көтөрүп, ага куттуктоо жолдошту.

23 жаштагы оор атлетчи Иззат Артыков Бразилияда өтүп жаткан отуз биринчи жайкы Олимп оюндарында 9-август күнү коло медал утуп алган. Аны президент Алмазбек Атамбаев телефон чалып, куттуктады.

Бразилиядагы Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Буга чейин алардын беши мелдештен четтеген. (SE)

XS
SM
MD
LG