Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Клинтон: Трампта президентке таандык мүнөз жок


Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон
Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон

АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон атаандашы Дональд Трампты курал-жарак алып жүрүү укугу тууралуу айткандары үчүн сындады. Кечээ Трамп жарандардын курал алып жүрүшүнө жана аны сактоого жол берген Конституцияга киргизилген экинчи өзгөртүүлөрдү Клинтон жокко чыгарууну көздөп жатканын жарыялаган. Демократтардын талапкерин бийликке жолотпоо үчүн өзгөртүүлөрдүн авторлорун кандайдыр бир аракет көрүүгө чакырган. Хиллари Клинтон Айова штатындагы митингде буга жооп кайтарды:

- Трамп ар дайым мамлекеттердин көпчүлүгү өзөктүк куралга ээ болушу керектигин айтып келет. Эми дагы зомбулук боюнча кезектеги чакырыгын жасады. Мунун баары Дональд Трампта АКШнын президенти жана башкы командачысына мүнөздүү сапат жок экенинен кабар берет, -деди.

Ошондой эле Клинтон атаандашы акыркы кезде аша чаап баратканын жана анын билдирүүлөрүнүн арты олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгын кошумчалады.

Трамптын Конституцияга киргизилген экинчи өзгөртүүлөр тууралуу айткандары катуу талкууга алынууда. Сенатор-демократ Крис Мерфи талапкердин билдирүүсүн адам өлтүрүүгө чакырык катары бааласа, Клинтондун үгүт компаниясынын өкүлү Робби Мук миллиардерди "кооптуу" деп атады.

Дональд Трамп болсо АКШнын Конституциясын коргоп калууга аракеттенип жатканын жана Баш мыйзамга киргизилген экинчи өзгөртүүлөрдүн жактоочуларын аны жокко чыгарууга жол бербөөгө чакырганын айтууда.

XS
SM
MD
LG