Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Макфарланд: Акыркы эки жылда ИМ 45 миңдей жоокеринен ажырады


Сирия
Сирия

Акыркы эки жылда Ирак менен Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун 45 миңге жакын жоочусу өлтүрүлдү. "Арийне бул так эмес, болжолдуу сан" деди АКШнын аталган өлкөлөрдөгү операцияларын жетектеген генерал-лейтенанты Шон Макфарланд.

Макфарланддын маалыматында, “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларына чет өлкөлөрдөн кошулгандар да азаюуда.

Мурдараак АКШ жана Франция биргелешип, ИМ тобунун таяныч пункттарынын бири саналган Ирактын Мосул шаарына чабуул коеру айтылган. 2016-жылдын апрелинде АКШ президенти Барак Обама Ирактын Мосул жана Сириянын Ракка шаарларын жоочулардан тазалай тургандыктарын билдирген.

АКШ баштаган эл аралык антитеррористтик коалиция 2014-жылдын августунан бери чөлкөмдө жихадчыларга каршы аба соккуларын жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG