Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

ТИМ: Таиланддагы жардырууда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Жардыруудан кийин. Таиланд
Жардыруудан кийин. Таиланд

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрликтин тапшырмасынын негизинде Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги тактоо иштерин жүргүздү. Анын жыйынтыгында жардыруудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экени аныкталды.

Бейшембинин кечинде жана бүгүн эртең менен Таиланддын бир нече курорттук шаарында жардыруу болду. Андан мерт болгон адамдардын саны төрткө жетти, он чактысы жараат алды. Арасында чет элдиктер да бар экени кабарланууда. Жергиликтүү бийлик мунун баары атайын пландалган чабуул экенин айтууда, бирок исламчыл экстремисттердин тиешеси бар деген версияны четке кагууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG