Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Рио-2016: Арсен Эралиев жооткотуучу беттешке чыгат


Арсен Эралиев.
Арсен Эралиев.

Бразилияда өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында Кыргызстандын грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев жооткотуучу беттеште күрөшөт.

59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Эралиев 1/8 финалда Куба мамлекетинин балбаны, 2015-жылдагы дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен таймашып, утулуп калган. Кубалык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Эралиевге жооткотуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Жооткотуучу таймашта Эралиев кытайлык Ван Люмин менен күрөшөт. Бул беттеште жеңишке жеткен балбан коло байге үчүн өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен күч сынашат. Байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча 15-августка караган түнү саат 2:00до башталат.

XS
SM
MD
LG