Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Бишкекте төкмө акындардын айтышы башталды


Төкмө акындардын эл аралык айтышы быйыл онунчу жолу өтүүдө. Бүгүн борбор калаадагы академиялык драма театрында башталган биринчи турга кыргызстандык 31 акын катышууда. Айтыштын жобосу боюнча булардын ичинен 8 акын тандалып алынат. Алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Казакстандан келген 8 акын менен айтышат.

Аталган айтыш Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда 3-8 сентябрда болот. (ZA)

XS
SM
MD
LG