Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Екатеринбургда экстремизмге шектелип кармалгандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Нижний-Тагил шаарынын "Тагильский рабочий" басылмасы Екатеринбургда экстремизмге шектелип, кармалгандардын арасында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары бар деп жазып чыкты.

Ал эми Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар "Рохнамо ба суи давлати исломи" деп аталган эл аралык интернет-коомчулугунун мүчөлөрү болуп чыгышкан. ФСБ аталган коом террордук идеологияны жайылтып, экстремисттик "Ислам мамлекети" тобуна жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенип жүргөнүн жарыялады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен азырынча маалымат такталып жатканын “Азаттыкка” маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG