Жеңиш Разаков Ош облусуна жасаган иш сапарында Араван, Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты. Ошондой эле ал Алай жана Чоң-Алай райондорунда жайгашкан “Эркештам”, “Карамык” чек ара тозотторунун жана көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин иши менен таанышып, андагы жүргүнчүлөр менен айдоочулардын көйгөйлөрүн укту.
Вице-премьер-министр андан ары кыргыз-тажик чек арасындагы алыскы “Алтын-мазар” чек ара бекетинде болуп, кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулардын абалынан кабар алды.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мындан тышкары Аравандагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чек ара бекети жана андагы чек арачылардын жашоо-шарттарын көрүү менен бирге чек арага жакын жайгашкан Керкидон, Каримберди жана Кызыл-Туу айылдарын да кыдырды.
Жеңиш Разаков өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнө жана жергиликтүү бийлик ээлерине чек арага жакын жайгашкан айылдардын социалдык-экономикалык абалына көңүл буруп, инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
1380 чакырым келген кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу 58 участок бар. Ал эми узундугу 976 чакырымды түзгөн кыргыз-тажик чек арасынын 504 чакырымы гана такталган. Талаштуу аймактардан улам чектеш жашаган элдердин арасында чыр-чатактар катталып турат.(ZKo)