Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Новосибирскидеги чектөөлөрдүн кыргызстандыктарга тиешеси жок


Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашты.

Новосибирск облусунун губернатору Владимир Городецкийдин буйругуна ылайык, мындан ары эмгек мигранттарына билим берүү мекемелеринде, балык заводдорунда, кен казууда жана токой өнөр жайында иштөөгө уруксат жок. Буйрукта ошондой эле мигранттар балдар үчүн тамак-аш чыгаруу ишканаларында жумушчу, таксист, автобуста айдоочу, бухгалтер, юрист жана катчы болуп иштей албасы айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аталган буйруктун ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн: Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG